• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда “Тазалыктын” айымдарын майрамы менен куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев 8-март - Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, калаадагы тазалык жана жашылдандыруу кызматында эмгектенген аялдарды иш үстүндө барып куттуктап, майрамдык маанай тартуулады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаар башчысы, аталган тармактарда эмгектенген кызматкерлердин арасында айымдардын да эмгеги чоң экенин белгиледи. Анткени алар үй-тиричилигинен артып, коомдун тазарышына да салым кошуп келерин айтты. Ал жеке каражатынан акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык тазалык жана жашылдандыруу чарбасында жалпы 56 аял кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий