• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда "Тазалыктын" кызматкерине кол көтөргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун "Тазалык" ишканасында иштеген аялга кол көтөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрында саат 04:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндө "Тазалык" ишканасынын жумушчусу М.Хакимованы 25-30 жаштардагы белгисиз адам уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун 30 жаштагы К.У. аттуу тургуну аныкталып, 2021-жылдын 15-январь күнү тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, аны К.У. уруп денесине жараат келтиргендигин көрсөткөн. Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий