• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда «Темир торду эмес, спорт менен кара курду тандаймын» аттуу конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери мектеп окуучуларынын ынтымагын бекемдөө максатында «Темир торду эмес, спорт менен кара курду тандаймын» аталышындагы конференция өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда патриоттук видео роликтер көрсөтүлдү. Өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооптор узатылып, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мырзалардын майрамына карата жаштардын достугун чыңдоого арналган спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Биринчилик үчүн Тайгараев аймактык башкаруусундагы №10, №11, №18 жана Сузак районундагы №23, №81 орто мектептеринин окуучулары күч сынашышты. Соңунда жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий