• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер менен биргеликте кечээ, 24-ноябрда шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар (баннер) жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода түйүндөрүнө, ашканаларга, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар көчөлөрүн иретке келтирүү максатында калаа мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү тарабынан эскертүүлөр берилип келет.

Шаарда бул багыттагы иш-аркеттер алдыда дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий