• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда “Тилдердин достугу” аталышында маданий иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында №9 Раатбек Санатбаев атындагы инновациялык мектебинде “Тилдердин достугу” аталышында маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул саамалык 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнүн алкагында уюштурулду. Анын негизги максаты - өсүп келе жаткан муундардын арасында улут аралык ынтымакты бекемдөө, алардын тилин жана маданий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.

Эл аралык эне тил майрамын Жалал-Абад шаарынын аймагында жогору деңгээлде белгилөө жөнүндө ушул жылдын 14-февралында калаа мэриясынын атайын буйругу да кабыл алынган. Анын негизинде жер-жерлерде этностук топтордун тарыхын, үрп-адатын жайылтуу боюнча жыйын өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий