• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда томолой жетим бала жана майып жаран жер тилкеге ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын бузулушу аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, А.Сүйөркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жашоочусу Р.К. аттуу жаран Арал участкасындагы 0,18 га муниципалдык жер аянтын мыйзамсыз тосуп алып, жеке максатта пайдаланып жүргөн.

Бул мыйзам бузуу боюнча райондук прокуратура тарабынан айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, анын негизинде жогоруда аталган жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.

Ошондой эле, көзөмөл органы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жана тоголок жетим балдарга турак жай куруу үчүн жогорудагы 0,18 га. жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап келтирген.

Талапты кароонун жыйынтыгы менен А.Сүйөркулов айыл өкмөтү тарабынан тоголок жетим бала А. уулу М.га 0,09 га жана 1-топтогу майып С.Р. аттуу жаранга 0,09 га жер тилкелери ажыратылып, аларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди.

Пикир

Оставить комментарий