• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 23-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 31 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында Жалал-Абад шаарынын аймагында сырттан тааныш болгон Дастан аттуу бала “көчө баласымын” деп коркутуп, 20 миң сом акчасын алып койгондугун билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (“Тоноо”) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, ИИМде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, “Чаян” каймана аты бар Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы А.Д. аттуу тургуну кармалган.

Шектүүнүн Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, бети ачылбай жаткан оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий