• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда турак үй, Кара-Сууда сарай өрттөндү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 7-июлда болжол менен саат 21:13тө Жалал-Абад шаарындагы Строительный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоодон турак жайдын 100 чарчы метр чатыры күйүп кеткен.

Андан тышкары, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Аматов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Кырсык 8-июль күнү саат 01:50 чамасында катталган.

Учурда эки өрттүн тең келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий