• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда турак үй өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Аук айылында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалын тууралуу билдирүү саат 14:12де түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 15:12де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 78 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий