• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда туристтер үчүн маалыматтык тактайчалар орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына келген конокторго ыңгайлуулукту жаратуу максатында, атайын туристтик тактайчалар орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алар шаардын борбордук Ленин көчөсүндөгү Тейлөө үйүнүн алдына, Эркиндик аянтында жана калаага кириш дарбазасынын боюна коюлду.

Тактайчалардан Жалал-Абад облусунун жана шаардын ээлеген аймагы, социалдык, кызмат көрсөтүү жана эс алуу жайларынын даректерин көрүүгө болот.

"Бул демилгени облус аймагында ишке ашыруу максатында жалпы 41 даана туристтик тактайчалар эки тилде даярдалып, басымдуусу Ош-Бишкек унаа жолдорунун боюна орнотулууда, алар 16-декабрда башталган. Анда облустун негизги туристтик объектилерине Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекстерге, Кан-Ачуу, Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына буруучу аралык көрсөткүчтөр жазылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул аракеттер “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы жана Туризм департаментинин биргелешкен демилгеси менен ишке ашырылууда. Ал Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу GIZ) тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий