• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн туризм тармагын өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев, район-шаар башчыларынын орун басарлары, туризм жаатында иш алып барган жеке ишкерлер, облустук статистика башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жыйында Жалал-Абад облусунун туризм тармагында орун алып жаткан көйгөйлөр, өнүгүү жолунда чогуу иш алып баруу багыттары талкууланды. Ошондой эле кеңештин жүрүшүндө облустун 2023-2026-жылдарга карата тармактын стратегиялык иш-планы талкууланды.

Облус аймактарындагы туристтик жайларга келип-кеткен жергиликтүү жана чет өлкөлүк жарандардын санын тактоодо кыйынчылыктары бар экени айтылды. Маселени чечүүдө жергиликтүү бийликке статистика башкармалыгы менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгы кошумчаланды.

Эркинбек Маматаев райондордогу туристик жайлардын шартын жакшыртуу менен тургундардын киреше бөлүгүн арттырууга чоң мүмкүнчүлүк жараларын айтты. Ал бул багытта өлкөдө түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен да тыгыз кызматташууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий