• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда тышкы инвестициянын көлөмү 266 эсе өстү

Аймак 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында быйылкы жети ай ичинде сырттан инвестиция тартып келүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 266 эсеге өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жети айдын ичинде сырттан тартылып келген инвестициянын көлөмү 1 миллион сомду түзсө, быйылкы жылы анын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265,1 миллион сомго көбөйгөн.

“Ошол эле кезде бизде ички инвестициялардын көлөмү да өсүп жатат. Мисалы, өткөн жылы жети айда анын көлөмү 417,2 миллион сомду түзсө, быйылкы жылы 426,2 миллион сомго жетип, 9 миллион сомго өскөн. Өсүү темпи 102,2 пайызды түздү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы жети айда тартылып келген инвестициянын жалпы көлөмү 692,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 274,2 миллионго көптүк кылат жана өсүү темпи 165,6 пайызга жетти.

Пикир

Оставить комментарий