• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда мамкызматкерлерге тышкы саясаттагы бирдиктүү кызматташуу эрежелери окутулду

Аймак 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине атайын окутуу өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, жыйында өлкөнүн тышкы саясаттагы бирдиктүү кызматташуу мыйзамынын аткарылышы, сүйлөшүү, документ даярдоо, жүргүзүү жана жалпы эрежелердин сакталышы тууралуу маалыматтар айтылды.

Окутуу семинарынын негизги максаты - өлкөнүн эл аралык мамилелер, саясий, экономикалык, социалдык, дипломатиялык, укуктук байланыштарын жакшыртуу, бирдиктүү иш алып барууда кызматкерлердин билимин кеңейтүү болуп саналат.

Жыйындын экинчи бөлүгү облустагы ишкерлер, эл аралык фонддордун өкүлдөрү менен уланды. Анда инвестицияларды тартуу, кызматташуу, ата мекендик өндүрүштөгү продукцияларды сыртка сатуунун жол-жобосу тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий