• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайдагы эки жаранда коронавирус аныкталды деген маалымат текшерилүүдө – комендант

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайдагы эки жаранда коронавирус аныкталды деген маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Түз эфирде ага Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайдагы эки жарандан коронавирус чыкты деген маалымат такпы? Эгер чын болсо алар менен аралашкан кызматкерлер эмне болот деген суроо узартылды.

"Азыр бул маалыматты текшерип жатабыз. Убактылуу кармоочу жайдагы жарандар тиешелүү медициналык кароодон өтүп жатат. Эгерде бул маалымат такталса ал жерде кармалган жарандар жана иштеген кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий