• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда уюлдук телефон тоноого шектелип 4 жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык криминалдык милиция кызматы тоноо менен алектенген топту колго түшүргөн.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда шаардык милициянын "112" ыкчам байланыш номерине 24 жаштагы Ноокен районунун тургунунан кайрылуу түшкөн.

"16-август күнү Ноокен районунун төрт жараны Жалал-Абад шаарынын четиндеги көчөлөрдүн биринде эс алып олтурушкан. Болжол менен 25-30 жаштагы азият улутундагы 3-4 бала алардын жанынан келип, бычак менен коркутуп, акыркы үлгүдөгү телефондорун тартып алышкан. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 60 миңден сомдон ашкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Көп өтпөй кылмышка шектүү делип төрт жаран кармалган. Алар Сузак районунун 25, 23, 22 жаштагы тургундары жана 23 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Шектүүлөрдүн кылмыш иштери далилденип, далил буюм зат катары бир даана бычак жана 4 даана уюлдук телефон алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий