• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 25 жаштагы жаран милицияга кайрылып, мыйзамга каршы аракеттер боюнча билдирген.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 31-августунан 1-сентябрына караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейтааныш эки бала жана алардын 20-25 жаш чамасындагы эки досу жабырлануучуга карата күч колдонушкан. Алар арыз ээсинин эркине каршы колун кайрып автоунаага салып, чет жакка алып барып ур-токмокко алып, көтөрүп жүргөн “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 4 миң 500 сом акчасын тартып алышкан.

Аталган факты Жалал-Абад шаардык милициясынын КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүүлөрдү аныктоо жана аларды жоопко тартуу максатында тергөө-ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, анын натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургундары 1994-жылы туулган А. Д., жана 1995-жылы туулган Ш.К., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Алынган маалыматка ылайык, аталган эки жаран Ички иштер министрлигинде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушат", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий