• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.10. /Кабар/. Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-мартында Базар-Коргон районунун 1989-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылдын январь айынан баштап Ислам жана Өткүр аттуу жарандар телефон аркылуу байланышып, опузулап акча талап кылып жаткандыгын айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүсүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Өткүр аттуу шектүү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Ж. у М. экендиги, ал уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, азыркы күндө уюшулган кылмыштуу тобунун идеялогиясын колдоп, Базар-Коргон районуна “положенец” болуп шайлангандыгы такталган. Ал эми Ислам аттуу бала, Базар-Коргон районунун тургуну З.И. экендиги аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча кылмышка шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып качып жүргөн.

2020-жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында крим-чөйрөдөгү авторитеттердин “жыйыны” болот экен жана тергөөдөн качып жүргөн Ж. у М. да ошол жакка барып калышы мүмкүн делген маалыматтар түшкөн.

Бул алынган маалымат боюнча, 22-май күнү Жалал-Абад ОИИБинин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Ноокен РИИБнин КМКнын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Кочкор-Ата шаарындагы Ош-Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган “жыйын” учурунда Ж. у М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол “жыйынга” келген 9 жаран Жалал-Абад ОИИБине алынып келип, өздүктөрү такталып, алардын кол манжа издери алынып, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген. Алар мурда соттолуп, учурда КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында каттоодо турган, Жалал-Абад областынын тургундары: 1984-ж.т. О.Э, 1964-ж.т. А.Р., 1995-ж.т. Х. С., жана алар менен кошо жүргөн 1987-ж.т. С.Д., 1981-ж.т. Ж.Э., 1993-ж.т. М. Э., 1977-ж.т. М. К., 1995-ж.т. С. Д., 1996-ж.т. О.К. болгон.

Ал эми КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде шектүүлөр Ж. у М. жана З. И. Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бирок, 2020-жылдын 24-май күнү жогоруда аталган шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылып жиберилген.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

Оперативдик тасма

Пикир

Оставить комментарий