• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз куралдар алынды – видео, сүрөт

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз курал-жарак алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз сакталган курал бар деген кабар келип түшкөн.

Маалыматты текшерүү үчүн милиция кызматкерлери Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барган. Аталган даректеги батирдин ичинде 9 киши болгон. Алардын арасында бир жарандан башкасы мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча сот жообуна тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан.

"Тинтүү маалында бир даана сайлуу ок атуучу курал, (документи жок, колдо жасалган), 10,65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынды жана алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө учурунда, жогорудагы курал жана ок-дарылар, мурда тоноочулук жасап соттолгон 1988-жылы туулган Т.Ы. аттуу жаранга таандык экендиги такталып, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тергөө кызматы калган 8 атуул боюнча да тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Андан тышкары алардын арасындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 26 жаштагы Шарафидин уулу Замирбек (Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну), мурда автоунаа же башка автомототранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү беренелери боюнча соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №43 жатак колония (Кызыл-Кыя) мекемесинен качып, издөөдө жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий