• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлуп, ишкердик субъектинин бузулган укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан “М.К.” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъектисине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, Жалал-Абад ОИИБнин жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишкердик субъектилеринин укуктарын колдоого багытталган КР мыйзамдарынын жана КР президентинин Жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү актыларын прокуратура органдарында каттатып уруксат албастан, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан “М.К.” жоопкерчилиги чектелген коомун мыйзамсыз текшерүүгө алышып, иш-кагаздарын талап кылышкан.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар облустук прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий