• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда «Укук тартип» рейди жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда «Укук тартип» рейди жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-15-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында «Укук тартип» алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында кызматкерлер облус аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо менен катар бир топ профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык араздашууларды жана жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо, авто кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейддер болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында 1000ге чукул кожолук паспорттук эреже боюнча, милициянын каттоосунда турган 150дөн ашуун жаран, курал-жарагы бар 30дан ашуун мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. КР Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 100дөн ашуун протоколдор толтурулуп, жол эрежесин бузган 300дөн ашуун айдоочуга айып пулдар салынды. Ошондой эле Базар-Коргон РИИБдин участкалык инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана ок атуучу курал алынды.

Пикир

Оставить комментарий