• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда улгайган кишилерге камкордук көрүү айлыгы жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Жалал-Абадда улгайган кишилерге камкордук көрүүнүн бир айлыгы жүрүп жатат. Шаар мэриясы атайын буйрук менен 15-сентябрь – 15-октябрь аралыгында шаардагы улгайган кишилерге камкордук көрүү айлыгын өткөрүү чечимин кабыл алып, атайын иш чаралар планын бекиткен. Бул максаттарда шаар казынасынан 100 миң сом каражат каралды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалымат караганда, азыркы тапта менчигинин түрүнө карабастан шаардагы бардык чарбалык субъекттер, коомдук уюмдар улгайган кишилерге камкордук көрүү айлыгына катышып жатышат. Бекитилген иш чаралар планына ылайык, улгайган кишилерге медициналык, турмуш-тиричилик, укуктук-консультациялык кызматтарды акысыз көрсөтүү, бардык жалпы билим берүүчү мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларындагы жаш муундарда карыларга камкордук көрүү маданиятын калыптандыруу, атайын ачык сабактарды өткөрүү, дил баяндар сынагын уюштуруу жагы каралган.

Ошондой эле 200 улгайган кишиге сый-урмат көрсөтүү, концерттик программа, карылар үчүн арзандатылган азык-түлүктөр жармаңкесин уюштуруу пландалды. Андан тышкары, Сузак районунда жайгашкан карылар үйүнө жардам көрсөтүлмөкчү.

Эске сала кетсек, шаарда улгайган кишилердин токсон жаштан ашкандары 47, ал эми сексен жаштан ашкандары 275 жана 70 жаштан өткөндөрү 1200 болуп, бардыгы 1522 улгайган пенсионер.

Пикир

Оставить комментарий