• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери акыркы сапарга узатылды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.20./ Кабар/. Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Тецкий каза тапты. 2-февраль күнү 94 жашында көз жумган ардагерди бүгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнатына калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, Россия Федерациясынын Оштогу консулдугунун өкүлү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, аксакалдар жана жакындары катышты.

Тецкий Николай Харитонович 1926-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. 1944-жылы Советтик Армияга чакырылып, Беларусиянын 3-фронтунда кызмат өтөгөн. Андан кийин Түндүк Батыштагы 39-армияга жөнөтүлгөн. Согушта айдоочу болуп, курман болгон жоокерлерди жана азык-түлүктөрдү ташыган. Согуштан кийин Кыргызстанга кайтып келип, Жалал-Абад шаарында жашап калган.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштун “Жуков” ордени жана юбилейлик медалдары менен сыйланган. Ардагерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен материалдык жардамдар көрсөтүлүп турган.

Эске салсак, өткөн жумада да Жалал-Абад шаарында ооруктун ардагери каза тапкан. Учурда калаада согуштун эки жана ооруктун эки ардагери калды.

Пикир

Оставить комментарий