• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин акыркы сапарга узатышты

Коом 0

Ош, 11.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында 4-февраль күнү 94 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Тецкийди акыркы сапарга узатышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-мэр Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, Ош шаарындагы Россия консулдугунун өкүлдөрү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана туугандары катышкан.

Тецкий Николай Харитонович 1926-жылы Сузак районунда төрөлгөн. 1944-жылы аскерге чакыртылып, Ата Мекендик согушта 3-Беларус фронтунда согушкан, кийин 39-аскерге которулган. Согушта ал айдоочу болуп, жарадар болгон аскерлерди жана азык-түлүктөрдү ташыган. Согуш аяктагандан кийин Жалал-Абад шаарында отурукташкан.

Ал “Жукова” жана башка ордендер менен сыйланган.

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери жана эки эмгек ардагери жашайт.

Пикир

Оставить комментарий