• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине жаңы жылдык белек берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кечээ, 30-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясы жана славян диаспорасы тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан жана концлагердин туткуну Валентина Симоненкого жаңы жылдык белек берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, белектерди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова жана славян диаспорасынын президенти Виктор Малюженко тапшырып, жеринде аталган диаспоранын балдары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий