• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда унаа уурдап качып кеткен жаран Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери автотранспорт каражатын айдап качууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган жергиликтүү тургундун ак түстөгү “Субару Легаси” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен. Кийинчерээк бул автоунаа Грузиядан келгени жана анда транзиттик номурдун белгилери бар экендиги аныкталган. Анын натыйжасында унаанын ээсине 586 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кара-Көл ШИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.Н. ошол эле жылдын декабрь айында издөөгө алынган.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүнүн кайда жүргөндүгүн тактоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларына киришкен. Жакында тыкыр иликтөөнүн натыйжасында шектүүнүн кайда жүргөндүгү аныкталып, 2021-жылдын 15-февраль күнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Т.Н. аттуу жаранды Көк-Жар конушундагы Шоокум көчөсүнөн кармашты.

Азыркы учурда кармалган жаран Кара-Көл ШИИБге жеткирилди.

"Учурда унаа табыла элек. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран Т.Н. мыйзамга каршы аракеттерди жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий