• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда уруксатсыз пиротехникалык каражаттардын сатылышы көзөмөлгө алынууда

Аймак 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде, Жаңы жылга даярдык жана майрамдоо учурунда уруксатсыз пиротехникалык каражаттардын сатылышы көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук базарда жүргүзүлгөн кыдырууга шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык өрт коопсуздук кызматы, калаа мэриясы жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери катышты.

"Азыркы учурда соода жайларында пиротехникалык каражаттарды сатууга уруксат берилген эмес. Ага карабай мыйзамсыз иш алып барып жаткан бир соода жайы аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, пиротехникалык каражаттар атайын дүкөндөрдө гана сатылып, талапка жооп берген кампаларда сакталышы зарыл. Ошондой эле тийиштүү уруксат кагаздары болуусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий