• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору ишин баштайт

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун үч районунда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен бирге Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү саясат инситуту "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору ишин баштайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн бул багытта аткарылуучу жумуштарды талкуулаган жыйын өттү.

Ага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун аткаруу мөөнөтү 2025-жылга чейин болуп, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары тандалып алынган.

Долбоордун максаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Демилгеге өнөктөш болгон муниципалитеттерге кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен окутуп-үйрөтүү колго алынат.

Жыйында облус башчысы буга чейин да USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору 2016-жылдан баштап Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак районунун айылдарында иш алып барганы маалым экенин айтты. Облус аймактары айыл-чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарына бай экенин, мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, бардык кызыктар тараптар менен чогуу иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Жалал-Абадда өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында USAIDдин жаңы "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунунун алкагында иш алып барылуучу райондор тандалат.

Пикир

Оставить комментарий