• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда USAIDдин жардамы менен жаңы тигүүчү цех ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. 25-мартта Жалал-Абад облусунун Тенги айылында “Седеп” тигүү цехинин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы цехти жергиликтүү ишкер-айым Пардакан Томуева АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен өнөктөштүктө ачты.

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун колдоосу менен Пардакан Томуева жергиликтүү аялдар үчүн жумуш орундарын түзө алды. USAID жаңы тигүүчү машиналары жана атайын буу иштеп чыгаргыч үтүгү менен камсыздап, “Седепке” өндүрүшүн эки эсе көбөйтүүгө жана жаңы рынокторго кирүүгө жардам берди. Пардакан Томуева жаңы жабдууларды жайгаштыруу жана кызматкерлери үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүү үчүн жаңы имаратты курууга инвестиция жасады.

"Менин коңшуларымдын арасында муктаж адамдар көп болгонун билдим. Ошондуктан мен өзүм үчүн иштөөнү гана эмес, аларга жумуш орундарын түзүүнү да чечтим. Менин жашоодогу негизги максатым – Кыргызстандагы айылдык аялдарды колдоо", - деди "Седеп" тигүү цехинин ээси Пардакан Томуева,.

"Седеп" - Жалал-Абад шаарынан болжол менен алты сааттык жолдо жайгашкан алыскы Тенги айылындагы жумуш менен камсыз кылуучу эң ири ишкалардын бири. Ишкананын 30 кызматкери, көпчүлүгү аялдар, чапан, курак, белдемчи жана жууркан-төшөктөрдү кыргыздын салттуу оймо-чиймелери менен жасашат. Өнүмдөр Жалал-Абадда, Ошто жана Бишкекте “Седептин” социалдык тармактарындагы баракчалары, негизинен Instagram жана Facebook аркылуу сатылат. Келечекте “Седеп” коңшу өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат.

"Биз өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн алга сүрөгөн Пардакан Томуева сыяктуу ишкерлер менен кызматташканыбыз менен сыймыктанабыз. Бул долбоордун алкагындагы негизги максатыбыз - 2023-жылга чейин ишканаларды колдоп, 19 миңдей жаңы жумуш орундарын түзүү", - деди Джошуа Темплтон, USAIDдин экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. "Белгилей кете турган нерсе, АКШнын колдоосу грант түрүндө берилет. Демек, биздин өнөктөш ишканалар ал каражаты кайтарып берүүгө тийиш эмес."

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору – бул бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн беш жылдык демилге. Долбоор Кыргызстанда көбүрөөк жумуш орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнеске өндүрүшүн жана соода көлөмүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоор башталгандан бери, USAID айыл чарба, текстиль, маалымат технологиялары, билим берүү, тамак-аш өндүрүү, финансы жаатындагы 70 ишканага колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий