• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБне 40 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну арызданып, 2021-жылдын 5-февраль күнү саат 09:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы «Народный» дүкөнүнүн эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп киришип, кассадан 30 миң сом акчасын уурдап жана сыртта турган терминалды бузуп, материалдык зыян келтиришкендигин билдирген.

Ошондой эле дагы бир Жалал-Абад шаарынын К.Н. аттуу 38 жаштагы тургуну арызданып, 2021-жылдын 3-февралга караган түнү Төш-Кутчу айылындагы азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу киришип, 11миң сомдук товарларын жана кассадан 30 миң сомго жакын акчасын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун 19 жаштагы А.Б., М.А., Т.С. жана 17 жаштагы М.С. аттуу тургундары кармалышкан.

Алар тергөө учурунда кылмыш иштерин толугу менен моюндарына алышып, жасаган жумуштарына өкүнүп жатышкандыгын билдиршкен.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий