• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 28-майынан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын, фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1982-жылы туулган Х.Ж. кармалган. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда Х.Ж. башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий