• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда "Вертекс Голд Компани" ишканасынын эки кызматкерин кар көчкү басып калган

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура-Чаткал унаа жолунда "Вертекс Голд Компани" ЖАКнын жумушчулары карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруу иштерине компаниядан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 100гө жакын кызматкер, ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 17:30дар чамасында 1 эркек кишинин, саат 19:15тер чамасында дагы 1 эркек кишинин сөөгү табылган. Аты-жөндөрү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий