• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда волейбол боюнча энелер лигасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда волейбол боюнча Түштүк энелер лигасынын VI чемпионатынын ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн түштүк аймагынан 23 команда катышууда.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков бардык командаларга ийгиликтерди каалап, спорт тармагын жергиликтүү бийлик ар дайым колдоп келерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий