• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда ымыркайды 40 миң сомго сатууга аракет кылган аял кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 359-беренесинде ("Документтердин жасалмасы") каралган кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери Жалал-Абад шаардык ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында “Ж” аттуу жаран (аял киши) жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган.

Бул кылмышты жасоо аракети көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатты берип жаткан жерден жогоруда аталган “Ж” аттуу жаран кармалган.

Белгиленгендей, жаңы төрөлгөн наристе Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, аталган факты КР Жазык кодексинин 171-беренесине ("Адам сатуу") алмаштырылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий