• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына 1 аял киши (өздүгү такталууда) чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий