• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран милиция тарабынан куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран милиция тарабынан куткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад облустук милициясынын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционерлери Л.Караходжаев, А.Атажанов жана Б.Рысбаевдер кечки саат 19:00дѳ кечки унаа кайгуулдоо багытына бөлүнүшүп, Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, кызмат өтөп жатышкан.

Жалал-Абад шаарынын Шерматов кѳчѳсүндө милдеттерин аткарып жүргѳн убакта, болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында такси кызматында иштеген айдоочу “Сузак районунун Ынтымак айылындагы Кѳк-Арт дарыясынын кѳпүрѳсүндѳ белгисиз бир атуул ѳз ѳмүрүн кыюу максатында, Кѳк-Арт дарыясындагы кѳпүрѳдѳн сууга ѳзүн таштоого аракет жасап жатат” деген маалымат берген. Милиция кызматкерлери ошол замат кыска мөөнөттө аталган дарекке жетип барышкан. Кызматкерлер ыкчам жана мыйзамдуу аракети менен өз өмүрүн тобокелге салган жаранды куткарып калышкан.

Алдын ала текшерүүдө ал Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1981-жылы туулган Э.К. аттуу жаран мас абалында бул ишке баргандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери куткарылган атуулду үйүнѳ алып барышып, үй-бүлѳсүнѳ тапшырышкан. Анын үй-бүлөсү жана бир туугандары милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришкен.

Окуянын видеосу

Пикир

Оставить комментарий