• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда өзбекстандык Севинч Бахрамова изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда өзбекстандык Севинч Бахрамова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-май күнү Өзбекстандын жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болууда. Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окуп Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде жашачу.

“Учурда Бахрамова Севинч Шерзод кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилери: Бою 160-165 см. өңү кара тору, чачы, көзү, кашы кара, арык дене түзүлүштө, сол далысында сары-күрөң калы бар.

“Дайынсыз болуп жаткан Өзбекстандын жараны Бахрамова Севинч Шерзод кызы тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке же төмөндөгү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: 102; (03722) 5-28-31; 7-03-44; (0224) 95-15-15, (0773) 00-08-02”, - деп айтылат облустук милициянын тараткан билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий