• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда өздөрүн “милиция кызматкери” деп тааныштырган адамдар айдоочуну тоноп кетишти

Аймак 0

Ош, 11.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абадда өзүн милиция кызматкер катары тааныштырып, айдоочуларды тоногон адам кармалды. Бул тууралуу облустун ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, 2017-жылдын июль айында болжол менен таңкы саат 4 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел тилкесинде белгисиз адамдар айдоочуну токтотуп, тоноп кетишкен.

““Лексус-470” үлгүсүндөгү унаа менен жезлдин жардамы аркылуу эки белгисиз киши 32 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан “Хонда CRV” унаасын токтотушкан. Коркутуу жолу аркылуу белгисиз адамдар айдоочунун 250 АКШ долларын жана 3 миң сомун алып коюшкан”,-деп айтылат маалыматта.

Күн мурун милиция кызматкерлери тарабынан аталган ишке тийиштиги бар болгон Жалал-Абад облусунун 49 жаштагы жараны кармалган.

Аталган факты боюнча учурда иликтөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий