• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда өзгөчө абал киргенден бери максатсыз жүргөн 833 автоунаа токтотулган

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда өзгөчө абал киргенден бери максатсыз жүргөн 833 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө абал киргенден бери Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында көчөлөрдө өткөрмө кагаздары же маршруттук баракчалары жок, максатсыз, жеке кызыкчылыктары үчүн автоунаа башкарып жүргөн жеринен жалпы 833 автоунаа атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми кечки саат 20:00дөн 07:00гө чейин мобилдик топтор коменданттык сааттын тартибин бузган айдоочуларга, жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүү максатында кызмат өтөшүүдө.

Жалпысынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 143 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чаралар көрүлүүдө.

Учурда Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында 12 санитардык-карантиндик блокпостто жалпысынан 16 кызматкер кызмат өтөп жатат. Ал эми облустун өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген аймактарында 13 санитардык-карантиндик постто 26 кызматкер иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий