• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу аракеттери көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. Жалал-Абадда шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында окутуу көргөзмө өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубатбек Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет. Анда атайын тармактын кызматкерлери менен коомчулук ортосундагы байланыштарды жандантып, түрдүү кырсыктардын алдын алуу жана ага каршы натыйжалуу чараларды көрүү боюнча катышуучуларга маалыматтар берилет. Иш-чара областтык Барпы театрынын алдындагы аянтта өтүп, калаадагы мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери өрт өчүрүүчү жана куткаруу автоунааларды, өрт-техникалык шаймандарды көрсөтүү менен алардын иштетүү тартиптери менен тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий