• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жөлөкпул боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жалал-Аабд шаарында Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен аймактык башкармалыктар тарабынан жөлөкпул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар арасында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү жөлөкпулдун көбөйүшү менен үй-бүлөгө көмөк каражатынын көбөйбөй калышынан улам бир топ суроолор жаралууда.

Эскерте кетсек, өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, ушул жылдын январь айынан тартып социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турган жарандардын, тагыраак айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү жөлөкпул 100%дан 200% га чейин көбөйтүлгөн.

Ал эми үй-бүлөгө көмөк каражаты (пособия) көбөйгөн эмес. Бирок, үй-бүлөгө көмөк (пособие) алган кожолуктар жаңырган жылдан тарта ай сайын 720 кВт саат электр энергиясына чейин 50 тыйындан төлөй баштады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары боюнча учурда 728 үй-бүлө мамлекет тарабынан жөлөкпул алат.

Пикир

Оставить комментарий