• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда жүргүнчү ташуу көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында быйылкы биринчи кварталда жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү өткөн жылга караганда көбөйдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бир чакырымга миң жүргүнчү эсебинде өткөн жылы биринчи кварталда 51 миң 462 жүргүнчү ташылган болсо, быйылкы жылы биринчи кварталда анын саны 55 миң 228,2 жүргүнчүгө жетти. Демек, салыштырмалуу 3766,2 жүргүнчүгө көп болуп, өсүү темпи 107,3 пайызды түзгөн.

Ал эми шаардык муниципалдык автобаза тарабынан ташылган жүргүнчүлөр саны быйыл кыйла көп болууда. Мисалы, өткөн жылы биринчи кварталда бир чакырымга миң жүргүнчү эсебинде 1689,8 жүргүнчү ташылса, быйылкы жылы анын саны 2045,8ге жеткен. Салыштырмалуу 356 жүргүнчүгө көп болуп, өсүү темпи 121,1 пайызды түздү.

Эскерте кетсек, шаардагы муниципалдык автобазадагы автобустардын эскилиги жетип, шаар мэриясы аларды жаңылоо аракетин көрүп жатат. Бул максатта атайын инвестициялык долбоор даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий