• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жаңы конуштун жашоочулары ичүүчү суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Живпром жаңы конушунун жашоочулары ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конушта жашаган 122 үй-бүлѳ Жалал-Абад шаардык мэриясы жана БУУнун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын көмөгүнүн астында таза суу менен камсыздалды.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган конуштагы жолдорго асфальт төшөө, таштандысын атайын техникалардын көмөгү менен сыртка ташуу, электр мамычаларын орнотуу, түнкү жарыктандыруу, маршруттук каттамдардын интервалын азайтуу сыяктуу көйгөйлүү маселелери менен жеринен таанышып, 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша көйгөйлөр чечиле турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий