• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда жаңы муниципалдык базар ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

“Эки жолу өрт чыккан Жалал-Абад шаарынын борбордук базары белгиленген өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик шаардын борбордук базарын коопсуз жайга көчүрүү чечимин чыгарган. Кечээ муниципалдык базар пайдаланууга берилди”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жаңы базардын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Муниципалдык базарда миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы бар.

Жаңы муниципалдык базардын курулушуна шаардык бюджеттен 25 млн сом бөлүнгөн. Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке кирешенин көбөйүшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий