• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда жаңы тест-системалар апробациядан өткөрүлгөндүктөн 1-2 күн ПЧР анализдер жасалган эмес

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жаңы тест-системалар апробациядан өткөрүлгөндүктөн 1-2 күн ПЧР анализдер жасалган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

Анын айтымында, облуска жаңы ПЧР тесттер келгендиктен аларды апробациядан өткөрүп, текшерүүдөн өткөргөнчө 1-2 күн анализдер жүргүзүлбөй калган. Мындан улам облуста бүгүн же эртең коронавируске алынган анализдердин жыйынтыктары даяр болсо, коронавирус жуктурган жаңы учурлар чыгышы мүмкүн.

"ПЧР анализди бир-эки күн күтүп калдык. Себеби, буга чейин биздин лаборатория Россиядан келген тест-система менен иштеп жаткан. Кийинкилери Кытай, Түркиядан келген. Тест-система жаңы келгенде 1-2 күн апробациядан өтүп, анан колдонула баштайт. Ошондуктан ПЧР анализдерди жүргүзүү 1-2 күн кармалып калды. Обсервацияда жаткандардын анализдери бүгүн кечинде чыгат. Биз 3-4 күндөн бери облуста коронавирус жуктурган 93 учур бар деп турсак, бүгүн же эртең бул сан өзгөрүшү мүмкүн", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий