• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жаңы жылдык балаты орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 27 метрди түзөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жаңы жылдык балатыны, "Эркиндик" аянтын жана шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн бул жылы жергиликтүү бюджеттен 817 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Калаадагы жаңы жылга карата жасалгалоо жумуштарын мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий