• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда жаңы жылдык балаты жанды

Аймак 0

Ош, 17.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 15-декабрда жаңы жылдык балатыны жандырышты. Ага калаа башчысы Мураталы Тагаев катышып, шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктады.

Жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасына шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.

Коноктор үчүн концерттик программа коюлуп, жаштар үчүн дискотека уюштурулган.

Жалал-Абаддагы балатынын бийиктиги 25 метр. Балатыны орнотуу жана аянтты кооздоо үчүн мэрия 1 млн. 500 миң сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий