• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда Жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо ѳттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.19. /Кабар/. 28-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында ички иштер органдарынын кызматкерлерине Жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сѳз кызматы билдирди.

Алгач ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынан “кол саат” жана ардак грамота, премьер-министрден “Алкыш”, көп жылдар кызмат өтөгөн жана спортто өзгөчөлөнгөндөргө медалдар, областтын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерге жана милиция менен тыгыз кызматташкан жарандарга Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары тапшырылды.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошов сѳз сүйлѳп, жалпы ѳздүк курамды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтерди, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп-ѳсүүсүн каалады. Ошондой эле майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жаңы жылга карата областтын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат ѳтѳшѳт.

Пикир

Оставить комментарий