• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда жаңы жылга карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери жаңы жылга карата жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Таш-Көмүр шаардык ИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери шаар аймагындагы 14 мектепте жана №111 кесиптик лицейинде жаштар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар жаңы жылга карата өспүрүмдөр арасында майрамдык кечелерди өткөрбөө, фейерверктерден пайда болгон ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу, түнкү убакытта балдарын зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо керектигин ата-энелерге эскертишкен.

Андан тышкары, түшүндүрүү иштери Базар-Коргон жана Ала-Бука райондук ИИБси тарабынан да уюштурулган.

"Милиция кызматкерлери жаштар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, мектеп рекетчилиги жана массалык мушташууларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жаңы жылга жакын ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулуп жаткан иш-чаралар окуучулар арасындагы спорттук мелдештер менен жыйынтыкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий