• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 11 жаран кармалган

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 11 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 34 кылмыш жана жорук катталды.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 92 унаа айып аянтчасына коюлду. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 11 жаран кармалды: Жалал-Абад шаарында – 7 жана Сузакта – 4". - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий