• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 144 жаранга айыппул салынган

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 144 жаранга айыппул салынган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун комендатурасынан билдиришти.

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун комендатурасы, ал 144 жаранга 3 миң сомдон айыппул салынганын билдирип, эл арасында күндүзгү маал да күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлүп, анын убактысы 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин деп белгиленди. Мурда берилген уруксат кагаздарынын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды.

Пикир

Оставить комментарий